Орусиялык альпинист Мария Нечаева Хан-Теңири чокусуна чыгуу учурунда көз жумду

Хан-Теңири чокусун багындырууга катышкан орусиялык спортчу жана турист Мария Нечаева каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу социалдык тармактардагы «Башкортостан Республикасынын тоо туризми» тобунда маалымдалды.

Маалыматка караганда, ал кечээ 5900 метр бийиктиктен кулап кеткен. Анын сөөгү 5600 метр бийиктиктен табылган. Куткаруучулар жана башка альпинисттер сөөктү тик учак менен Караколго эвакуациялоо үчүн түшүрүшкөн.

Мария Нечаева альпинизм, аскага чыгуу, скайраннинг менен алектенген. Анын жетишкендиктеринин арасында 7 миң 134 метр бийиктиктеги Ленин чокусуна чыгуу да бар.