Орусиялык инвесторго 14 миллион долларга коттедж салдырып, аны тартып алгандар кармалды

Жеке ишкерлерге карата уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен байланышы барлар боюнча УКМК маалымат берди.

УКМК тарабынан инвесторлорду коргоо боюнча Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын колдоого багытталган иш-чаралардын алкагында «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаевдин атын жамынып, орусиялык инвесторлордун өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган жеке жактарга тиешелүү маалыматтар алынды.

2018-жылы Орусиянын жараны Р.Д.А. «Айсео» ЖЧКсы (иш жүзүндөгү ээлери Кыргыз жарандары) менен стратегиялык өнөктөштүк келишиминин алкагында, 14 миллион доллардан ашык инвестиция тартып, Ысык-Көлдө коттедждик шаарчаны курууга жумшаган. Бирок Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттеждик шаарча курулгандан кийин ЖЧКнын иш жүзүндөгү ээлери Камчы Көлбаевдин кылмыштуу байланышынан пайдаланып, күч колдонуп, зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, инвестордун мүлкүн жана акча каражаттарын ээлеп алып, аны Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө мажбурлашкан.

Учурда «Айсео» ЖЧКсынын ээлери О.Б.А., А.К.Т жана башкы бухгалтер А.Н.К. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул иш боюнча керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.