Орусиянын Ички иштер министрлиги Екатерина Биволга карата иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу орусиялык Gazeta.RU басылмасы жазды.
Тергөө иштерин Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгы жүргүзүүдө.
Буга чейин Бивол кыргыздар менен казактарга орой сөздөрдү айткан. Екатеринага каршы эки өлкөдө тең кылмыш иштери козголгон. Кыргызстанда ал издөөдө жүргөн, ал эми казак полициясы аны экстрадициялоону талап кылуу ниетин билдирген.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бивол «Расалык, этностук, улуттук же диний аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча шектелип жатканын билдирген. Бул беренеде беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Екатерина Бивол бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы, Токмокто туулган.













Really insightful post — Your article is very clearly written, i enjoyed reading it, can i ask you a question? you can also checkout this newbies in classied. iswap24.com. thank you