“Ош” базардагы көпүрөдөн кулап, каза болгон кишинин видеосу тарады. Видеодон эркек кишинин музга түшкөнүн көрүүгө болот. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти.
«19-январда cаат 14:54 чамасында «102» кызматына Кулиев менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн 50 жаштар чамасындагы киши кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция фактыны тастыктаган. Факты катталып, териштирүү башталган. Маркумдун 1971-жылы туулган К.А. аттуу жаран экени аныкталган. Соттук-медициналык эскпертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.