Бишкек шаарынын Ош базарынан акциздик маркасы жок 864 таңгак тамеки табылып, тартылып алынды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы Ош базарында пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты.
«Акциздик маркасы жок 864 таңгак тамеки тартып алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.