Ош-Бишкек жолунда үрөй учурган кырсык катталды делген видео. Милиция тасма тартылып жатканын айтты

Социалдык тармактарда Ош-Бишкек унаа жолунда үрөй учурган жол кырсык тартылган видео тарады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя боюнча маалымат беришти.

Маалыматка караганда, эч кандай жол кырсык катталган эмес. Видео кыска метраждуу тасма тартылып жаткан жерде тартып алынган. «Кыска метраждуу тасма тартылып жаткан. Эч кандай жол кырсык катталган жок»,- дешти алар.