Ош-Бишкек унаа жолунда кыйылган 2 өмүр. 21 жаштагы кыз менен 14 жаштагы өспүрүм ооруканага жеткирилди

Буга чейин ӨКМден Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болгонун билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан жол кырсыгы тууралуу маалымат беришти.

1980-жылы туулган жаран Лексус үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарынын Бишкек шаарына келе жатып, өзүнүн жолунан чыгып, карама-каршы тилкеде келе жаткан 1990-жылы туулган жарандын башкаруусундагы VOLVO үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Лексустун айдоочусу ооруканага жеткирилип, ошол жакта көз жумду. Ошондой эле жүргүнчү болуп бара жаткан 1995-жылы туулган аял киши ошол жерде мүрт кеткен. Ал эми 2001-жылы туулган кыз менен 2008-жылы туулган өспүрүм аймактык ооруканага жеткирилген.