«Бишкек-Ош автоунаа жолунун 323-чакырымында жол кырсыгы катталып, VOLVO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен LEXUS 470 үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумду. Ал жерге 7 куткаруучу тартылып, жеңил унаада кыпчылган жарандарды чыгарылып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп берилди. Тактоо иштери уланууда», — деп жазылат маалыматта.

