Бүгүн, 14-июль күнү саат 14:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолгон сел №21 жол тейлөө мекемесине таандык Ош – Гүлчө – Эркечтам авто унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырыма чейинки авто унаа жолдоруна кум-шагыл толтуруп, жол каттамы убактылуу жабылган.
№21 ЖТИ мекемесинен 1 авто жүктөгүч техникасы тартылып жумуш башталды. 9-чакырымынан ылдый карай тазалоо иштери жүрүп жатат. Андан сырткары турак-жайлардын короо-сарайларына жана жертөлөлөрүнө сел суулары кирген. Учурда Кара-Суу району боюнча ӨКБнүн өздүк курамына жана Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтарына “Айгай” жарыяланды.