Банкоматтарды талкалап, андан акча уурдап жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, шектүүлөр Ош шаарынын, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кылмыштуу иштерин жасашкан. Бүгүнкү күндө бул кылмыштуу шериктер өткөн жылдын январь, быйылкы жылдын февраль айларынын аралыгында эле 19 ирет ушундай мазмундагы кылмыш жасагандыгы аныкталды.
Шектүү катары кармалгандар Ош облусунун Ноокат районунун 31 жаштагы жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну. Экөө теӊ мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан. Кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдошот. Алар соттун чечими менен тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды.











