Социалдык тармактарда «Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өз ара келишпестиктен мушташып жатат» деген маалымат тараган. Бул кызуу талкууга алынып жаткан окуя 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгондугу такталган.
ИИМ маалымат берип, иликтөө жүргөнү, кызматкерлердин аброюна шек келтирилгендиги үчүн Ош ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробековго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө” эскертүү тартип жазасы берилгенин билдирген.
Ошондой эле окуяга түздөн-түз тиешеси бар Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары милициянын полковниги Алмаз Усеналиев жана Ош ОИИБнын коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги Салмоорбек Шералиев, Ош ОИИБдин башчысынын кадр иштери боюнча орун басары милициянын полковниги Улан Асанбаев ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз...
Кечээ, 10-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айылындагы мал фермадан ири өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Тилсиз жоонун кесепетинен...
Номурун жашырып автоээнбаштык жасаган той кортежине 30 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан...
Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 9-июнда Ысык-Ата РИИБге Ново-Покровка айылынын тургунунун өмүрүнө коркунуч...