Ош облусунда жер силкинди

Бүгүн, 11-майда таңга маал Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

«Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 04:15те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп билдиришти министрликтен.