Ош облусунда жер титиреди

Кечээ, 20-январда болжол менен саат 22:01 чамасында Ош облусунда очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын күчү Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 баллга, Өзгөн шаарында 2 баллга, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.