Маалыматка ылайык, Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылындагы 5 500 чарчы метр жана Өзгөн шаарына тиешелүү 1 720 чарчы метр жер тилкелери жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз берилгенин аныкталган. Ошондой эле, Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы ооруканага тиешелүү болгон 7000 чарчы метр жер аянты мыйзам бузуу менен жеке тараптын ээлигине өткөрүлгөн. Бул мыйзам бузуулар боюнча прокуратура органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде жалпы 43 миллион сомдук аталган жер тилкелер муниципалдык менчикке кайтарылган.
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды
Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...











