Сел жүргөн Кара-Кулжа районунда тазалоо иштери жүрүп жатат

11-май күнү жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел суулары “Жаңы-Моңол” жана “Эски Моңол” каналдарынан ашып, аталган айылдарда жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун каптаган жана Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 10, 17 жана 20-чакырымдардын аралыктарын кум шагылга толуп, унааларга кыйынчылык жараткан.

Бүгүн жеринде калыбына келтирүү иш-чараларын улантуу максатында ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу жана жергиликтүү айыл аймактан 2 экскаватор, 2 грейдер, 4 жүктөгүч жана 4 самосвал тартылган.