Ош шаардык билим берүү башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан үстүбүздөгү жылдын 11-августунда Ош шаарында атайын техникаларды тапшыруу аземинде жарыяланган тапшырманын негизинде, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын өздөштүрүү жана ыйгарып алуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы бухгалтери бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, мыйзамсыз түрдө айлык акыларды жана башка төлөмдөрдү төмөнкү мектептердин кызматкерлерине жүргүзгөн: №24 М.Фрунзе атындагы орто мектеп, №42 «Керме-Тоо» орто мектеби, №17 Ю.Гагарин атындагы орто мектеп, «Олимп» мектеп-гимназиясы, №18 А.Навои атындагы мектеп-лицейи жана №52 «Кыргыз–Түрк достугу» мектеп-лицейи. Алдын ала эсеп боюнча келтирилген зыяндын суммасы 8 940 684 сомду түздү.
Учурда күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген чыгымды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.











