Ош шаарында 31 жаштагы келин 5-кабаттан секирүүгө аракет кылды

Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-июль күнү 15:00 чамасында «102» кызматына Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасынын тургуну өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан секирүүгө аракет кылып жатканы айтылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерге үч кайгуул кызматкери барып, аялдын өмүрүн сактап калышкан. «Милициянын кайгуул кызматкерлери үйдүн төмөн жагынан аялды алаксытып, кепке тартып турушса, бир кызматкер бешинчи кабаттагы батирге кирип, аялды куткарып калууга үлгүргөн. Ал 31 жаштагы аял болгон. Милициянын кайгуул кызматкерлери аны жакындарына өткөрүп беришти»,- деп айтылат маалыматта.