14-апрель күнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн студент кыз боюн таштаган. Окуя тууралуу маалымат Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө кабар келген. Анда 14-апрель күнү саат 19:20 чамаларында Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүнлө жайгашкан №38 көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан 2009-жылы туулган кыз түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.
Аталган маалымат Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталган тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алгачкы тергөө иштеринин маалыматына ылайык, 6-кабаттан кулаган кыз 2009-жылы туулган Ош шаарындагы окуу жайларынын биринде 2-курсунда окугандыгы, аталган даректе бирге окуган курбулары менен жашагандыгы аныкталган. Ата-энеси Орусияда эмгек миграциясында жүрүшөт. Жабыркаган кыздын мындай кадамга баруусунун себептери тууралуу алгачкы көрсөтмөлөр алынды, так себептерин толук аныктоо боюнча иликтөө уланууда.
Окуя боюнча бирге жашагандар суракка алынган. Алар өз көрсөтмөлөрүндө жабыркаган кыз ошол кунү окуя алдында өзүнүн жашаган ашкана бөлмөсүнө чыгып, балкондогу терезе жактан секирүүгө аракет жасаган учурда кармап калышкандыгын, бирок бир аздан соң чогуу жашаган курбулары башка нерсе менен алаксып калган учурда ал кыз терезеден секирип жибергенин билдирген. Жабырлануучу адегенде даракка тийип, андан соң жерге кулаган.
Азыркы учурда бул факты боюнча, кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө, соттук-медициналык экспертиза дайындалган, жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖПКнын талаптарына ылайык чечим кабыл алынат. Учурда жабыркаган 2009-жылы туулган кыз Ош шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуядан соң эсинен танып, ооруканада өзүнө келген.