Алардын баары батирлерди жалдап, түрдүү даректерде убактылуу жашашкандар. Кардарларга интернет аркылуу байланышка чыгып турушкан. Алардын кол издери алынып, атайын тизмеге алынды. Укук бузуулар кодексинин 109-беренесине ылайык, 3 жаранга протокол түзүлүп, жалпысынан 60 миң сомдук жазана салынды. “Притон” аталышындагы профилактикалык жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Ош шаарынын аймагында мурда катталган 82 кылмыштын бети ачылды.
Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды
УКМК Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча улантылып жаткан иш-чаралардын алкагында, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы...










