Ош шаарындагы каналдан аял кишинин жансыз денеси табылды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ош шаарындагы Маматисаков көчөсүндөгү каналдан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда маркумдун аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.