Кечээ, 17-майда Ош шаарында саат 07:35те Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан №195 үйдүн жанындагы суу өтүүчү темир торго 1963-жылы туулган аял кишинин буту кыпчылып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, кыпчылып калган аялдын бутун чыгарып беришкен. Абалы жакшы.