Ошто 14 жана 15 жаштагы кыздар менен жыныстык катнашка барган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
18-март күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Төрт-Көл айыл аймагында 2010 жана 2011-жылы туулган кыздар 17-март күнү балдар менен жыныстык катнашта болгондугу тууралуу кабар түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Кыздарга карата тийиштүү экспертиза дайындалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Өзгөн районунун 1993 жана 2002-жылы туулган тургундары кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.