Ошто 15 жаштагы кызды ала качкан 4 жигит кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан никеге туруу максатында ала качууга шектүү төрт жаран кармалды. Төртөө теӊ убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Алар 18-октябрь күнү саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Масалиев проспектиси менен Зайнабединов көчөсүнүн кесилишинде Ош шаарынын 2007-жылы туулган тургунун, жашы жетелек кызды ала качып кетип бара жаткан жеринен кармалышкан. Кыз жашы жете элек Ош шаарынын тургуну. Ал эми жигит 1995-жылы туулган. Анын кылмышка шектүү шериктери 1985,1986, 1985-жылы туулган жарандар.

Учурда бул жарандардын үстүнөн кылмыш кодексинин 197-беренесинин (никеге туруу үчүн ала качуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы эртеӊ, 20-октябрда Ош шаардык соту тарабынан каралат.