Ошто 17 жаштагы жигиттин жансыз денеси каналдан табылды

9-июль күнү Савай айыл аймагындагы Савай каналына 2004-жылы туулган жигит чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 10-июлда жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 12 куткаруучу тартылып, саат 18:40та баланын жансыз денеси суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.