Ошто 17 жаштагы кыз турникке асылган абалда табылды. Жакындарынын эч кимге доосу жок

Ошто 17 жаштагы кыз турникке асылган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 21-июнга караган түнү саат 03:00 чамасында 17 жаштагы кызы асынып алгандыгы тууралуу апасы кабар берген.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге, тактап айтканда, Курманжан Датка кичи шаарчасындагы окуу жайлардын спорттук аянтчасына барып, ал жерде Ош шаарынын 2004-жылы туулган кыз белгисиз себептерден улам спорттук турникке асынып каза болгонун аныкташкан жана тиешелүү иш кагаздар чогултулган. Каза болгон кыздын жансыз денесин туугандары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты жана эч кимге арыз доосу жок экенин билдиришти. Аталган окуя Ош ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, иликтөө иштери уланууда.