Abank july
SerepTV Logo

Ошто 18 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Ошто 18 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Ошто адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Отуз-Адыр айыл аймагынын 2007-жылы туулган тургуну (кыз киши) белгисиз адам тарабынан денесинен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 2007 жана Жалал-Абад облусунун 2009-жылы туулган тургундары кармалган. Алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.