Ошто 19 жаштагы жигит кармалды. Буга чейин анын бир тууганы да кармалган

Социалдык тармакта диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын тараткан жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Социалдык тармактын активдүү колдонуучусу террористтик жана экстремисттик уюмдарга тийиштүү болгон материалдарды таратып жаткандыгы тууралуу маалымат алынган. Маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, материалдар “Ишим” диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экенидиги боюнча корутунуду чыккан.

Жогорудагылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү Ноокат районунун 2005-жылы туулган тургуну экени аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон. Анын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, диний экстремисттик мазмунду камтыган болушу мүмкүн делген китептер алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин шектүүнүн бир тууган агасы да Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген.