Ошто 2 ай мурда 15 жаштагы кыз көз жарган. Анын зордукталганы айтылууда

Ушул жылдын август айында Ошто 15 жаштагы кыз төрөдү. Маалыматты журналисттерге Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева тастыктады.

Жаңы төрөлгөн ымыркайдын энесинин жашы жете элек экендиги, эртеси күнү ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алууга келгенде ачыкка чыккан. «Төрөтканага келгенде анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө 2002-жыл туулганы жазылган. Ал уул төрөп, балага документтерин албай ооруканадан чыгарылган. Сентябрдын аягында кыздын апасы небересине документтерди алууга келип, кызы 2006-жылы төрөлгөнүн айткан. Төрөт үйүндө, төрөт учурунда жаш эне эжесинин документтерин көрсөткөн. Биз укук коргоо органдарына кабар бердик жана иликтөө башталды. Биз төрөт учурунда аялга керектүү жардамды гана көрсөттүк, бирок аталыкты аныктоо жана анын боюнда болгон шарттары биздин компетенциябызга кирбейт», — деди Раиса Асылбашева.

Маалыматтарга караганда, жаш эне 3,8 килограмм салмактагы уул төрөгөн. Ош ОИИБден билдиришкендей, материалдар Кара-Суу районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген, анткени ымыркайдын апасы ошол жактан. «Алдын ала маалыматтар боюнча, ал зордукталган. Бирок баланын атасы ким экени азырынча белгисиз. Анын аты-жөнү такталууда», — деп билдиришти милициядан. Керектүү экспертизалар дайындалды.