Ош облусунун Кара-Суу районунда эки мектеп окуучусун бычактоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-февралда Ош шаардык ооруканасынан Ош ШИИБге ооруканага 2 өспүрүм денесинен жаракат алып түшкөндүгү тууралуу кабар келип түшкөн. Жабырлануучулар 2004-жылы туулган, Ош шаарынын Панфилов атындагы орто мектептин окуучулары болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
«Окуя аталган мектептин жанында болгон. Ушул эле күнү бул кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Х.И. аттуу өспүрүм кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, шектүү жана жабырлануучулар мурдатан көз тааныш болушкан.
22-февраль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында өз ара чыры жана кайым айтышуулар бири-бирин жөөлөшүп кетүүдөн чыккан. Натыйжада шектүү жанындагы миздүү буюм менен жабырлануучуларды сайып жиберген.
Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда ар тараптуу иликтөө иштери уланууда. Шектүүнүн жашы жете электиги эске алынып, үй камагына чыгарылган. Жабырлануучулардын жаракаты жеӊил болгондуктан тез медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.