Милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын түштүк тарабында жайгашкан мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдап, кара металл алган пункттарга өткөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал шериги менен биргеликте ушул жылдын жаз айларынан тартып бир нече ирет аталган мүрзөлөрдөн темир тосмолорду уурдап, такси менен кара металл алуучу пунктарга баалап өткөрүп жүргөн. Алган акчасын өз кызыкчылыктарына иштетишкен. Мүрзөлөрдөн чыгарган темир тосмолорду төмөнкү жол жакка алып түшүшкөн соң, такси кызматын пайдаланып, темир кабыл алган жайга чейин жеткиришкен. Кылмышка шектелип Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну кармалды. Учурда анын шеригин аныктоо иштери жүрүп жатат.