Ошто 22 жаштагы кыз өз жанын кыйды. Атасынын эч кимге дооматы жок

Ошто 22 жаштагы кыз өз жанын кыйды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташты.

22-декабрь күнү саат 22:30 чамасында Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын тургуну 22 жаштагы кыз өзү жашап жаткан үйүнүн мал сарайынын ичинде асынып каза болгондугу тууралуу ооруканадан кабар түшкөн.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, сурак иштери жүргүзүлүп тийиштүү материалдар чогултулган.

Андан тышкары, маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн. Маркумдун денесинде башка дене жаракаты жок болгондуктан атасы кызынын өлүмүндө эч кимге, эч кандай арыз дооматы жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан. Учурда окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат.