Ошто жаш келиндин 1,5 жашар кызынын сууга агып кетиши. Кырсыктын чоо-жайы

Буга чейин ӨКМ Отуз-Адыр каналына 1997-жылы туулган келин эки кичинекей кызы менен түшүп кеткенин, жергиликтүү тургундар келин менен улуу кызын куткарып калышып, ал эми кичүү кызы табылбай жатканын билдиришкен эле. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ош ОИИБи менен байланышты. 

Кечээ, 26-сентябрь күнү саат 16:35 чамасында Кара-Суу ооруканасынан милицияга чалуу болуп, Отуз-Адыр каналына бала түшүп кетип табылбай жаткандыгын билдиришкен. Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, төмөндөгүлөрдү аныкташкан.

Ошол эле күнү саат 16:00 чамасында Өзгөн шаарынын тургуну 24 жаштагы келин 2 кызын Ош шаарынан Өзгөн шаарына алып бара жатып, Кара-Суу районунун Тойчу айылына келгенде ичи ооруп калгандыктан кичи автобустан түшүп, кыздарын Отуз-Адыр каналынын жанына коюп, өзү ажатканага кирип кеткен учурда кыздары сууга түшүп кеткен. Кыздарын куткарам деп апасы да агып бара жатканда каналдын боюнда жашаган жергиликтүү тургундар көрүп калып, келин менен улуу кызын суудан куткарып калышып, Кара-Суу райондук ооруканасына жеткиришкен. Ал эми кичине кызы сууга агып кеткен. Кызды издөө үчүн тапшырмалар берилип, Отуз-Адыр каналындагы суу токтотулуп издөө иштери жүрүп жатат. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, карта-схемалары чийилип, фото таблицалар түзүлүп, жогоруда аталган жарандардын денесинен жараат алгандыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.