Ошто сууга чөгүп кеткен 28 жаштагы жарадын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ, 22-июль күнү Кайрагач айылында 1994-жылы туулган эркек киши Найман суу сактагычына чөгүп кеткен. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө жалпы 12 куткаруучу тартылып, саат 11:05те сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.