Ошто 31 жаштагы келин менен 3 баланын жансыз денелери табылды

Кечеээ, 3-март күнү милицияга Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында 1993-жылы туулган аял киши, 2018-жылы туулган Р.М., 2021-жылы туулган Р.Р. жана 2017-жылы туулган И.И. аттуу тургундар үйүндө уктап жатып каза болушкандыгы тууралуу кабар түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Аталган маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергѳѳ тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзгөн. 3-мартка караган түнү Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын 4 тургуну үйүндѳ уктап жатышкан учурда, мештен чыккан көмүр иске ууланышып каза болушкандыгы аныкталган.

Каза болгондордун туугандары арыз жазуудан жана каза болгондордун денелерин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзүлүп, акт түзүлүп, жакын туугандарына ѳткѳрүп берилди.