Ошто 6 адам өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Учурда жеринде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев башчылыгында укук коргоо органдары, тиешелүү кызматтар иш алып барууда.
ӨКМ маалымат берип, 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары менен каза болгонун билдирди. Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда жарандардын жансыз денелери таанылгыс абалда табылган.











