УКМК тарабынан Ош облусунун аймагында туулган “Хизбут-Тахрир” уюмунун 4 тарапташы жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” уюмунун 1 тарапташы кармалып, аларга карата профилактикалык иш-чаралар көрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жогоруда аталган адамдарга сот органдары тарабынан өлкөнүн аймагында аталган уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынганы жана “Хизбут-Тахрир” жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” уюмунун идеяларын таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө түшүндүрүлгөн. Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жыйынтыгында аталган адамдар мүчөлүгүнөн баш тартып, мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана тыюу салынган диний уюмдардын катарына кирбөөгө милдеттеништи.