Ошто 52 жаштагы жаран киши колдуу болду. Шектүүлөр кармалды

Ош облусунун Араван районунда адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган райондун дайынсыз жоголгон тургуну — 1969-жылы туулган киши колдуу болгону аныкталды. Кечээ, 29-ноябрда 34, 28 жана 27 жаштагы Араван районунун тургундары бул кылмышка шектүү катары кармалып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө башталды.

«Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренесинде (киши өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен катталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кылмышка маркум менен шектүүлөрдүн ортосундагы аласа-бересе, талаш себеп болгон», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Буга чейин 27-ноябрда маркумдун 22 жаштагы уулу Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу атасы 20-ноябрь күнү Орусияга барам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирип, арыз менен кайрылган.