Ошто 6 жаштагы бала сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
22-июль күнү Эркин айылында 2016-жылы туулган бала Савай каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 14 кткаруучу, Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 7 куткаруучу, ИИМден 18 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам, жалпы 21 куткаруучу тартылган.