Ошто 7 жаштагы бала жарым жыл бою зордукталып жүргөн. Кылмыш иш 3 жылдан бери созулуп келе жатат

Ошто 7 жашар бала алты ай бою зордукталып жүргөн. Сот үч жылдан бери бул иш боюнча чечим чыгара албай келет. Бул тууралуу журналисттерге юрист Мухайо Абдураупова билдирди.

Анын айтымында, апасы 2020-жылдын апрель айында баласына карата зомбулук болуп жатканын билип, милицияга кайрылган. «Апасы короодо баланын ыйлап жатканын байкаган. Бала окуя тууралуу айтып берген. Алар милиция чакырышкан. Бала кошунасы аны мектепке бара баштагандан тартып, башкача айтканда, сентябрь айынан баштап жер төлөгө, гаражга алып барып, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганын айткан», — деди жактоочу.

Ал кылмышка шектүү ошол кезде 17 жашта болсо, азыр 20 жашта экенин баса белгиледи. Тергөө жана сот иштери башталгандан бери ал үй камагында.

«Экспертиза Ошто жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, балага карата эч кандай зордук-зомбулук аракеттери болгон эмес жана баланын фантазиясы деп чыккан. Иш эки жолу токтотулган. Ошондон кийин чечимге даттануу үчүн бир ай бою кылмыш ишинин материалдарын таба албай жүрдүк. Тергөөчү алар прокуратурада, ал эми көзөмөл органында — тергөөдө экенин айтышты. Анан биз маалымат каражаттарына кайрылып, айта баштаганда гана прокуратурага чакырышты. Оштогу адистерге ишенбегендиктен, бала зордуктоо боюнча ишти кайра козгоп, Бишкекке экспертиза дайындап берүүнү сурандык», — дейт юрист.

Борбор калаада жүргүзүлгөн соттук-медициналык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар бала чындап эле сексуалдык зомбулукка кабылганын көрсөткөн. Эксперттин корутундусун алгандан кийин прокуратура тергөө иштерин улантты. 2021-жылдын январь айында иш Ош шаардык сотуна өткөрүп берилген.