Ошто 8 граната, 160тан ашуун ок катылган жай табылды (видео)

Ош облусунда ок-дарылар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

30-майда Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылган. Анда 8 граната, 6 модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы, 160тан ашуун ок табылган. Табылган жана алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.