Кечээ, 29-сентябрда Ошто жаш кыз 37 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип кармалган. Анын бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакта калтырылды. Тактап айтканда, ал 28-ноябрга чейин убактылуу кармоочу жайда болот.
28-сентябрда саат 02:50дө маркум, анын досу жана шектүү «Кенч» кафесинде болушкан. Милициянын берген маалыматы боюнча, жаңжал учурунда кыз жигитти бычак менен сайган. Ал аймактар аралык биргелешкен ооруканага жеткирилген, бирок кан жоготуудан каза болгон.