Ошто Ак-Буура дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

1-август күнү Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Такталган маалымат боюнча, кечээ, 1-август күнү Ак-Буура дарыясында болжол менен 50-55 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, сөөгүн суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.