13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Ошол эле түнү ооруканага 1995-жылы туулган дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алынып келинген. Бул факты Ош шаарынын ИИБде ККылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.
Бул окуяга байланыштуу кечээ, 13-январда бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө Женго деген каймана ат менен таанымал болгон, Кадыр Досонов кармалып, баш-аягы 5 адамга издөө жарыяланган эле.