Ошто арматура менен сабалып өлтүрүлгөн киши. Дагы бир шектүү милицияга өзү барган

Ош шаарында өзгөчө оор кылмышты жасоого шектелген Актилек Абдивали уулу милицияга өзү барган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден тастыкташты.

«Ал өзү издөө жарыяланганын угуп келген. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө анын окуя болгон жерде жок болгондугу, башка жерде болгондугу аныкталган. Ошондой болсо дагы анын берген көрсөтмөлөрү, анын шектүүлөр менен байланыштары текшерилет», — дешти.

13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган. 14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүү аракетинде издөөдө жүргөн эки шектүүнү кармаган. 13-январда бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө Женго деген каймана ат менен таанымал болгон, Кадыр Досонов кармалып, баш-аягы 5 адамга издөө жарыяланган эле.