Өз үйүндө асылып алды делген 33 жаштагы келиндин сөөгү эксгумацияланды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, келин 9-июлда асылган абалда табылган. Ал күнү жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Бирок 14-июлда күйөөсү муркумдун сөөгүн жерден алып чыгуу боюнча арыз жазган.
«9-июлга караган түнү өзүнүн үйүндө 1988-жылы туулган келиндин асылып турган жансыз денеси табылган. Келиндин эки турмушунан 3 баласы болгон. Ата-энеси өлүктү алып кетебиз дешкенде, бербей коюшкан себеби күйөөсү учуп келмек. Күйөөсү келип, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышып, сөөктү алып кетишкен. 12-июль күнү күйөөсү кайра арыз жазып, эксгумазия кылууну суранган. Натыйжада, 14-июль күнү жансыз дене жерден алып чыгылып, экспертизага берилген. Бирок жыйынтыгы чыга элек. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 136-беренесине ылайык (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) кылмыш иши козголуп, азыр тергөө иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.