Ошто бир нече күн мурун каза болгон жаш келиндин сөөгү эксгумацияланды

Өз үйүндө асылып алды делген 33 жаштагы келиндин сөөгү эксгумацияланды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, келин 9-июлда асылган абалда табылган. Ал күнү жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Бирок 14-июлда күйөөсү муркумдун сөөгүн жерден алып чыгуу боюнча арыз жазган.

«9-июлга караган түнү өзүнүн үйүндө 1988-жылы туулган келиндин асылып турган жансыз денеси табылган. Келиндин эки турмушунан 3 баласы болгон. Ата-энеси өлүктү алып кетебиз дешкенде, бербей коюшкан себеби күйөөсү учуп келмек. Күйөөсү келип, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышып, сөөктү алып кетишкен. 12-июль күнү күйөөсү кайра арыз жазып, эксгумазия кылууну суранган. Натыйжада, 14-июль күнү жансыз дене жерден алып чыгылып, экспертизага берилген. Бирок жыйынтыгы чыга элек.  Бул факт боюнча Жазык кодексинин 136-беренесине ылайык (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) кылмыш иши козголуп, азыр тергөө иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.