Ошто атасынан калган мылтыкты 90 миң сомго сатууга аракет кылган аял милицияга түштү

Милиция тарабынан ок атуучу куралды сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаарынын аймагында аял кишинин белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында мыйзамсыз сактап жүргөндүгү белгилүү болгон. Натыйжада ал адамдын 1963-жылы туулган аял экени жана белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында кардар издеп жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал “ТОЗ-16” үлгүсүндөгү сайлуу мылтыкты 90 миӊ сомго баалап, сатып өткөрүп жаткан учурда кармалды. Кармалган аял ок атуучу курал маркум атасынан калгандыгын жана акча зарыл болгондуктан сатуу ниети пайда болгондугун билдирген.