Өзгөндө 60 жаштагы киши 12 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.
11-март күнү Өзгөн РИИБге Өзгөн шаарынын 33 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда анын кызына 2023-жылдын февраль айларында 60 жаштагы киши унаасынын ичинде ыплас аракеттерин жасагандыгын билдирген. Аталган маалымат Өзгөн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Тергөө иштеринин негизинде аталган окуя боюнча, 11-март күнү Кылмыш-Жаза Кодексинин 158-берененин (ыплас аракеттер) белгилери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары жаран кармалып, 12-март күнү Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Өзгөн райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 12-майга чейин камакка алынды. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.