Ошто баңги бизнесине шектелген аскер кызматкери кармалды, деп билдирди бүгүн, 29-январда Баңгизат менен каршы күрөшкөн кызматтын басма сөз кызматы.
Шектүүнү Чүй облусундагы башкармалыктын кызматкерлери колго түшүргөн. Тергөө учурунда Ошто бир катар текшерүү иштери жүргүзүлгөн болчу. Анын жыйынтыгында баңгизатын сатуу иштерин аскер кызматкери уюштуруп жатканы аныкталган.
Шектүү — 1991-жылы туулган А.Н. 27-январь күнү Ошто баңгизатын сатып жаткан учурда кармалды. Андан алынган зат гашиш экени, салмагы 7 граммга жете турганы такталган.
Шектүү ошондой эле баңгизаттарды Ош жана Чүйдүн аймагына жайылтууга аралашып турган. Бул кылмышка катышкан башка адамдарды тактоо иштери улантылып жатат.