Ошто баңгизат менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери баңгизаттар менен алектенген кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул факты Жазык кодексинин 267-беренесинде (сатуу максатын көздөп баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча каттоого алынган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ош-Алай трассасында Дэу-Матиз үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аталган унаага тинтүү жүргүзүү учурунда жүк ташуучу бөлүгүнөн баңгизат салынган баштык, ошондой эле айдоочуга жана 2 жүргүнчүгө кароо жүргүзүү учурунда баңгизаттар табылып алынган. Алынган ооган гашишинин жалпы салмагы 2 килограммдан ашуун болгон. Азыркы учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.